Жума намазын мечитте окууга уруксат берилип, муфтият эрежелерди эскертти

26 августа 2020 Жума намазын мечитте окууга уруксат берилип, муфтият эрежелерди эскертти

Кыргызстанда мечиттерде жума намазын окууга уруксат берилди. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Ошол эле учурда мечитке келгенде сактык чараларын бекем сактоо керектиги эскертилди.

Маалыматта төмөндөгүдөй талаптар коюлганы айтылат:

  • күнүмдүк беш убак жана жума намазына келүүчү жарандар бет кап тагынуу зарыл;
  • мечиттин айланасына дезинфекциялоочу жана жарандардын дене табын текшерүүчү каражаттар менен камсыз кылуу;
  • мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрлик аралыкты так сактоо;
  • кол алышып, кучакташып учурашпоо;
  • дааратты үйдөн алуу жана сүннөт намаздарды үйдөн окуп келүү;
  • жаш балдар, жашы өтүп калган кары-картаңдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандар мечитке келбеши керек;
  • мечитке келгендер көп убакытка кармалбай, 15-20 мүнөттүн аралыгында чыгып кетүүсү зарыл.

Ал эми саат 13:15те жогорудагы талаптарды түшүндүрүү, ынтымакка, биримдикке жана сабырдуулукка чакыруу иштерин жүргүзүү керектиги айтылат.

Жамаат намаздарын ачык абада мечиттин короосунда өткөрүү, ар бир адам өзүнүн жайнамазын ала келүүсү сунушталат.

sputnik