Жубайыңыз болчу кызды бутуна карап тандоого болот (тест)

26 августа 2020 Жубайыңыз болчу кызды бутуна карап тандоого болот (тест)

Жигиттерди дагы ушул тест боюнча сынап көрсө болот.

Илгертен “Жигитти досуна карап тааны” деген сөз айтылып келсе, психологдор кызды отурганына карап аңдап-билүүгө болот деп айтышат.

Бул канчалык деңгээлде дал келет? Текшерип көрөлү. Сиз (ал кыз) отурганда көбүнчө буттарыңызды кандай абалда кармайсыз? Кандай абал ыңгайлуу?

А) Оң бутун сол бутунун үстүнө алып, айкалыштырып отургандар өздөрүнө ишенген айымдар. Алар өздөрүн эркин сезип, кемчиликтерин жашырбайт. Өзүн-өзү жогору баалайт. Айтканын аткарат. Үйдө да, жумушта да башкарганды жакшы көрөт. Созулган ишти жактырбайт, оюн ачык айтып, “эртең” деген сөз кыжырын келтирет. Бардык нерсе тез, ылдам, бүгүн бүтүшү керек. Күтүүгө чыдамы жетпейт. Бир түрдүүлүктү жактырбайт, ар дайым өзгөрүүгө умтулат. Кооздукту, сулуулукту жактырат. Баары менен тил табышып кете алат. Досу, курбусу көп. Бирок, баарын эле өзүнүн жан дүйнөсүнө киргизе бербейт. Талапчыл.

Б) Буттарын бириктирип, түз отургандар өздөрүн бирөөдөн кем да, жогору да сезбейт. Оозун ачса жүрөгү көрүнгөн ак көңүл да эмес, бирок өтө туюк да эмес. Тартиптүү. Ою да, сөзү да, көз карашы да түз. Кеңешип туруп чечим чыгарат. Элдин алды болгонго аракет кылбайт, бирок элден артта калып да калбайт. Шашпай, баарына үлгүргөн адамдар. Чындыкты, тазалыкты, адилеттүүлүктү баалайт. Башкалардан да ошону талап кылат. Сырттан караганга салкын болуп көрүнгөнү менен, жакшы дос, мыкты аял болот. Түшүнүгү мол. Көгөрүп отуруп албай, шартка карап, элдин ой-пикирин угуп, иш кылат.

В) Отурганда салмакты таманына салып, буттарынын учтарын жогору көтөрүп отургандар бар. Бул сапаттын карым-катнашта зыяны болбогону менен, жумушта өзүн-өзү өстүрүүгө пайдасы көп. Сын-пикирди кабыл албайт, тез ачуусу келет. Тамашына көтөрө албайт. Көңүлүн калтырган адамды кечирүү кыйынга турат. Мактоо сүйөр. Кекчил, намыскөй. Алдына койгон максатты сөзсүз ишке ашырат. Бир көңүлү калса, кайра калыбына келиши кыйын.

Г) Уяң. Уялчак. Табияты назик адам. Башкалардын жашоосу менен иши жок. Жалгыз жүргөндү жакшы көрөт. Эгоист. Жакшы жагы – адамдын жан дүйнөсүнө үңүлүп карай алат. Бөлөктөрдүн сөзүнө бат көнөт. Жыркыраган дүнүйө кызыктырбайт. Башкалардын көйгөйү менен башын оорутпайт. Колунан келбеген ишти жасайм деп убара болбойт. Өзүнө жаккан ишти жасап, жай, тынч өмүр сүргөндү жакшы көрөт.

Д) Кызганчаак, бирок эмоциясын жашыра алат. Ишинде от күйүп, каны кайнап жатса да, башкаларга билдирбейт. Бала кезинде ата-энесинин сүйүктүүсү болгонду жакшы көрсө, чоңойгондо мектепте, достор арасында жылдыз болууга умтулат. Ар дайым биринчи болууга аракет кылат. Бирок, муну сыртка байкатпайт. Башкаларга назик, алсыз болуп көрүнөт, мүнөзү кайраттуу. Максатына жетүүдө өзүн да, өзгөнү да аябайт. Туруктуу. Мунун арты менен көздөгөнүнө жетет. Ката кетирбейт. Жай жана так жүргөн адам.