Дерматолог жаш кезде бырышты алдын алуунун сырын ачып берди

26 августа 2020 Дерматолог жаш кезде бырышты алдын алуунун сырын ачып берди

Жаш өтүп баратканда бырыштардан качып кутулуу мүмкүн эмес, бирок анын эрте түшүшүнүн алдын алып жана бетти туура сактоонун жолдору бар. Бул тууралуу дерматолог, Малышева атындагы картаюуга каршы медицина борборунун жетекчиси Светлана Жабоева айтып берген.

Анын айтымында, адамдын бетиндеги бырыштар мимикалык жана статикалык болуп эки түргө бөлүнөт. Биринчиси адам күлгөндө же кабагын түйгөндө убактылуу пайда болсо, экинчиси мезгилдин өтүшү менен пайда болот.

"Бырыштардын негизги себеби — мимика. Жадагалса көп жылмайып, кайгыра берген балдарда деле терисине из түшөт, бирок ал бырыш сыяктуу болуп калып калбайт. Бул жаш кезде теринин мүмкүнчүлүктөрү бырыштардын түшүшүнө жол бербейт дегенди түшүндүрөт. Бирок бара-бара коллагендин (теринин серпилгичтигин камсыз кылган белок — ред.) деңгээли ылдыйлайт дагы, тери кургап, бырыштар түшө баштайт", — деген Жабоева.

Адис белгилегендей, эртеби же кечпи бардыгында эле тери көйгөйү жаралат. Бирок бетке бырыштын эрте түшүшүн алдын алган эки жол бар. Анын бири — косметология.

"Терини мүмкүн болушунча нымдаш керек. Тери канчалык нымдуу жана серпилгич болсо ошончолук кеч карыйт. Бул үчүн атайын бет майларды же маскаларды колдонсо болот. Бөтөнчө табиятынан териси жука, назик жана кургак адамдар мындай каражаттарды эртерээк колдонуп башташы керек", — деп түшүндүргөн дарыгер.

Дерматолог бырыш менен күрөшүүнүн экинчи жолу —  медициналык ыкма экенин айткан.

"Мимиканы көзөмөлдөө мүмкүн эмес, ошон үчүн теринин кайсы бир жерине ботулотоксин ийнеси сайылат. Мындай инъекцияларды жаштар деле карылыкты алдын алуу үчүн алып жүрүшөт. Бирок ал аз өлчөмдө колдонулууга тийиш", — деген адис.

sputnik