Мамлекеттик карызды башкаруу боюнча стратегия иштелип чыкты

25 августа 2020 Мамлекеттик карызды башкаруу боюнча стратегия иштелип чыкты

Стратегия 2020-жылдан 2023-жылга чейин мамлекеттик карызды натыйжалуу башкаруу максатында иштелип чыкканын Финансы министрлиги 25-августта билдирди.

Документ 2018-2020-жылдарга карата кабыл алынган стратегияга окшош. Анда четтен тартылган насыялар экономикалык өнүгүүгө салым кошкон программалар менен долбоорлорго жумшала турганы жазылган. Четтен алынган насыянын кеминде 35% грант болушу керек экени, мамлекеттик баалуу кагаздар улуттук валютада чыгарылары, мамлекеттик карыз ички дүң өнүмгө карата 56%, тышкы карыз 36% ашпашы зарыл экени жана башка жоболор камтылган.

2020-жылдын июнь айына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы төрт млрд. 773 млн. долларды түздү. Анын төрт млрд. 106 млн. доллары тышкы, 667 млн. доллары ички карыз болуп саналат.

Буга чейин өкмөт коронавирус пандемиясына байланыштуу пайда болгон экономикалык кризистен улам сырттан алган насыяларды реструктуризациялоо боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын кабарлаган.