Борбор Азиядагы коопсуздукту камсыз кылуу процессин жана бардык кырдаалды толук түшүнүү үчүн азыркы учурда бүгүнкү күндө региондо болуп жаткан негизги чакырыктарга жана коркунучтарга кайрылуу зарыл.
Мындай коркунучтардын катарына экономикалык контрабанда жана наркотрафик, мыйзамсыз миграция, диний экстремизм, айрым энергетикалык коопсуздук, Ооганстандагы жаңжалдар кирет, ошондой эле акыркы убактарда башкаруучу элитанын алмашканынын жыйынтыгында региондогусаясий туруксуздук коркунучун кошууда. Акыркысынан активдүү 2016-жылы президент Ислам Каримов каза болгондон кийин Өзбекстанда бийлик алмашкандыгы менен байланыштырып коркушкан. Өзбек Республикасынын жаңы президенти эл аралык деңгээлде демилгелерди көтөрүп жатат. Ооганстанда тынчтык сүйлөшүүлөрдү даярдоо боюнча Ташкенттеги конференция биргелешкен долбоор болуп калды, анын резолюциясы Талибан менен расмий кабулдун ортосундагы Москвалдык диалогдун форматынын жаңыланышына таасир этти. Ташкент конференциясы эл аралык коомчулукту ооган маселесин тынчтык жолу менен чечүүдө альтернатива бар экенине ынандырууга багытталган.
Узак мөөнөттүү келечекте Ташкент анын аймагын Ооганстандагы кырдаалга таасир этүү үчүн база катары колдонуусуна аракет кылып жатат. Азыр бул багытта чоң ролду тажикстандын чек аралаш райондору ойноп жатат. Ушуга байныштуу ооган маселесин чечүү боюнча узак мөөнөттүү биргелешкен борбор азиялык аянтчаны ачуу жөнүндө меселе пайда болууда.
Орусия коопсузду камсыз кылуу жана кармап туруу максатын салыштырмалуу толук ишке ашыруу үчүн мурунку советтик Борбор Азиянын аймагында иштеп жаткан түрдүү институттар аркылуу басым жасоо мханизмдерине кайрылат. Алардын арасынан КМШны, ЖККУну жана ШКУну бөлүп алуу зарыл. Анын үстүнө булардын баарында эле Орусия незизги ролу ойнобойт. Демилгеси 2001-жылы Кытай тарабынан көтөрүлгөн ШКУда негизи ролдо эмес.
Көптөгөн мамлекеттердин аймагында тыюу салынган “Ислам мамлекети” террористтик уюму Борбор Азиянын аймагына “халифат” түзүүнү пландап жатат. Бул тууралуу КМШнын терроризмге каршы борборунун башчысы Андрей Новиков “Ысык-Көл – Антитеррор-2018” машыгуусунун алкагында КМШ өлкөлөрүнүн органдарынын атайын кызматтарынын терроризмге каршы бөлүктөрүнүн жетекчилеринин кеңешмесинде сөз сүйлөп жатып билдирди. Ал бул региондо террористтер тарабынан “уктап жаткан” ячейкалар активдешкен аракеттери катталганын белгиледи.
Кыргызстандын вице-премьери Жеңиш Разаков да КМШ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймагында согушкерлер тарабынан болуучу коркунучтар боюнча коптоногунун билдирди. Анын сөзү боюнча бул коркунуч узак мөөнөттүү мүнөзгө ээ. Бишкектин мындай позициясы жөн жеринен эмес, анткени ЖККУдагы жамааттык коопсуздук маселелеринде Кыргыз Республикасы кийинки 2019-жылы төрагалык кылат.
Кыйла олуттуу кооптонууну кырдаалды туруксуздаштыруу максатында Ооганстандын түндүгүнөн регионго террористтердин басып кирүү аракети пайда кылат.
Ушул жылдын июнунда Федералдык коопсуздук кызматынын директорунун орун басары Игорь Сироткин Ислам мамлекетинн террористтери дагы деле дүйнө үчүн олуттуу коркунуч бойдон калууда деп белгилеген. Ошондуктан, Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери коопсуздук маселелери боюнча биргелеип кызматташуу жөнүндө олуттуу ойлонушу керект
14-ноябрда Токмок шаарында өткөн КМШнын чек ара аскерлеринин кеңешинин отуруму КМШнын түштүк чек араларынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чек раа бөлүктөрүнүн өз ра мамилесин жакшыруу керектигин көрсөттү. Заманбап тенденциялардан улам чек арын кайтарууда жаңы каражаттар менен чек ара аскерелерин жабдуу чөйрөсүндөгү келечектүү иштеп чыгуулар өнөктөштөр ортосунда кеңири алмашылышы зарылдыгын көрсөттү. Убл жаатта Түкрмөнстандын Борбор Азия регионунун аймагына радикалдык уюмдардын мүчөлөрүнүн киришин болтурбоо боюнча биргелешкен иштерге активдүү кошулуусу максатка ылайыктуу көрүнөт. Ооганстан аймагынан куралдуу отряддардын кийлигишүүсүндө жана айрым армиялардын тейтралитеттүү болсо, Түркмөнстандын ИИМине сырткы коркунуч менен жалгыз күрөшүү оор болот. Ушуга байланыштуу, Түркмөнстандын оопсуздугу үчүн чек араны бекемдөөгө өлкөлөрдүн жардам көрсөтүүсү бүткүл регион үчүн эң актуалдуу көйгөйлөрдүн бири болууда.
Аталган контекссте 2018-жылдын мартында Астанада Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын катышуусу менен өткөн саммит региондогу болгон көйгөйлөрдү биргелешип ийгиликтүү чечүүгө негиз берет деп ишенсе болот.
Чет элдик баяндамачылардын пикири боюнча, бул жолушуулар кеңеш берүүчүлүк жана бейформал форматты алып жүрсө дагы, Борбор Азия республикаларына көйгөйдү талкуулоо үчүн жогорку деңгээлде региондо олуттуу платформаны түзүү жөнүндө билдирүүсүнө мүмкүнчүлүк берди.
Жалпысынан, Борбор Азия мамлекеттеринин координацияланган жана натыйдалуу иши Борбор Азия регионун келечекте реалдуу интеграциядык түзүмдүн деңгээлине алып чыгышы мүмкүн. Регион негизги дүйнөлүк оюнчулардын катарында саясий жана экономикалык тегиздикте иш алып баргандыгын да айтууга болот.