COVID-19: өлкөдө оору жуктургандар менен айыккандардын соңку статистикасы

25 августа 2020 COVID-19: өлкөдө оору жуктургандар менен айыккандардын соңку статистикасы

Кыргызстанда өткөн сутканын аралыгында коронавирустан 310 киши айыгып чыкса, дагы 119 адам ооруну жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Ага ылайык, кечээ COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар төмөнкү аймактарда катталды:

  • Бишкек – 112;
  • Ош шаары – 16;
  • Чүй облусу – 16;
  • Ош облусу – 43;
  • Талас облусу – 7;
  • Нарын облусу – 19;
  • Ысык-Көл облусу – 16;
  • Жалал-Абад облусу – 54;
  • Баткен облусу – 27.

Ал эми жуктуруп алгандар төмөнкү жерлерде катталды:

  • Бишкек – 15;
  • Ош – 8;
  • Чүй облусу – 4;
  • Ош облусу – 15;
  • Талас облусу – 4;
  • Нарын облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 12;
  • Жалал-Абад облусу – 39;
  • Баткен облусу – 19.

Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандар 43 245ке жетти. Анын ичинен 36 925 адам ооруну жеңип чыкты.

sputnik