Түндө чыккан чыр. БШК “Кыргызстан” партиясынын чуусу боюнча чечим чыгарат

25 августа 2020 Түндө чыккан чыр. БШК “Кыргызстан” партиясынын чуусу боюнча чечим чыгарат

Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу “Кыргызстан” партиясынын талапкерлердин тизмесин тапшырган убактысы боюнча текшерип чыгат. Бул туурасында БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ, 24-августта саат 18.00гө чейин партиялар 5 миллион сомдук шайлоо күрөөсү менен талапкерлердин тизмесин тапшырышы керек эле.  “Кыргызстан” партиясы саат 18.00 чамасында (так убактысы белгисиз) документин алып келген. Анда дагы кагаздары толук эмес болуп чыккан. Аталган партияны каттоого алып жатканын уккан башка партиялардын талапкерлери топтолуп БШК келип, түндүн бир оокумуна чейин жагдайды териштирип “Кыргызстанды” каттоодон четтеттүүнү талап кылышты. 

Босогодогу  видеобайкоону алып чыкканда документти 18.00дөн кийин алып келгени көрүнгөн. Бирок БШК видеобайкоонун убактысы бир аз алдыда экенин айтып жатат. Каттоо журналында болсо партиянын өкүлдөрү саат 17.59да келгени жазылган. Бирок убакытты кайра өзгөртүп жазганы даана көрүнүп турат. Журналга партиянын өкүлүнүн колу дагы коюлган эмес. 

Бекматов “Кыргызстан” партиясынын айланасындагы чуу боюнча бүгүн кечке чейин чечим кабыл алынарын айтты.

“Азыр үлгүргөнүбүзгө жараша карайбыз. Кечээ түн жарымына чейин иш кылдырышкан жок. Эми бүгүн кечке чейин карап бардык партиялардын жетишпеген документтерин, кемчиликтерин кабарлашыбыз керек. Андан кийин бир чечимге келебиз. Ар бир партия боюнча өзүнчө чечим кабыл алынат. Анын ичинде “Кыргызстан” партиясынын дагы документ тапшырган убактысын талдайбыз”, — деди Бекматов. 

Мыйзам боюнча өз мөөнөтүндө (24-август, саат 18.00гө чейин)  документ тапшырбаган партия шайлоого катышуудан четтетилет. Кечээ 17 партия талапкерлердин тизмесин тапшырууга жетишкенин, анын ичинен бирөө шайлоо күрөөсүн төлөй албаганы кабарланган.

sputnik