Бир жума калды. Транспорт, турак жай жана жер салыгын оңой төлөөнүн жолдору

25 августа 2020 Бир жума калды. Транспорт, турак жай жана жер салыгын оңой төлөөнүн жолдору

Мамлекеттик салык кызматы транспорт, кыймылсыз мүлк жана жер салыктарын төлөөнүн бир нече жолдорун сунуштады.

Анда салык органына барбай эле онлайн ыкмаларды колдонуу менен төлөсө болору айтылат. Алар — төлөм жана POS-терминалдар, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр. Мындан сырткары, бардык банктардын кассаларынан жана почта бөлүмдөрүнөн кабыл алынат.

Салык төлөө учурунда тиешелүү реквизиттерди терүү зарыл:

  • Транспорт салыгы үчүн автоунаа катталган район же шаар, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери, транспорттун мамлекеттик номери жана салыктын суммасы жазылат;
  • Турак жай жана жер салыгы үчүн мүлк жайгашкан район, шаар же аймак, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери жана салыктын суммасы көрсөтүлөт.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 1-сентябрына чейин транспорт салыгын, 2-сентябрга чейин турак жай, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө зарыл.

Салыктардын суммасын Салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтындагы электрондук калькуляторду пайдалануу менен (Электрондук сервистер – Электрондук жардамчылар жана калькулятор) өз алдынча эсептеп алууга болот.

Кеңири маалымат 1240 номери же расмий сайты аркылуу жеткиликтүү.

sputnik