Ким Ин Сен ким экенин өзү айтты

25 августа 2020 Ким Ин Сен ким экенин өзү айтты

 

Урматтуу достор, “Кимсиң сен?” деген суроого жообум, - менин атым Ким Ин Сен, мен корей улутундагы кыргызстандыкмын.

Мени “кытай”, “эки аялы бар”, “атайын жөнөтүлгөн тыңчы” деп аташты, ошону менен токтоп калбай мен, менин үй-бүлөм тууралуу ар кандай фейктерди ойлоп табуу дагы деле токтогон жок.

Чынын айтканда мунун баары карандай калп! Мен жан дүйнөм менен кыргызстандыкмын. Кыргызстанда төрөлүп өстүм, Кыргызстан менин жана менин балдарымдын мекени. Бишкектен алыс эмес жайгашкан Кантта менин чоң аталарым жерге берилген. Үй-бүлөм Бишкекте турат, кайын журтум болсо, Базар-Коргондон болот. Кайнатам – Асылбек ата, урмат сыйга татыган аксакал, ал Ата-Мекен партиясына ак эмгегин өтөгөн адам. Белгилеп айтаарым, мага менин өлкөмөн башка жакка чыгып кетем деген ой эч качан келген эмес, андай оюм дагы жок.

 

Мен үй-бүлөм менен сыймыктанам, үй-бүлөмдү жакшы көрөм. Жалгыз аялым жана төрт балам бар. Бир ай мурун үй-бүлөлүк кеңеш кылып, шайлоого үй-бүлөм эмес, мен барарым чечилген. Андыктан менин жакындарым таландыда калып, шайлоо кампаниясынын каармандары болбошу керек. Ар бир адам үчүн анын үй-бүлөсү ыйык болгондой эле мен дагы аларды мындай терс нерселерден коргошум керек. Андыктан үй-бүлөнү саясий күрөштө колдонуу өтө ыплас ыкма деп билем.

Ал эми бажы кызматындагы өтөгөн кызматым тууралуу айтаарым, менин өмүр таржымаалым жана ошол убакта жетишкен ийгиликтерге көз чаптырып көрсөңүздөр болот. Мени кимдир бирөөгө байланыштыруунун дагы кажети жок – ар бир жасаган ишим жана шилтеген кадамыма өзүм гана жооп берем. Ал эми Ата-Мекен партиясынын катарында туруу жеке өзүмдүн принципиалдуу жана аң-сезимдүү тандоом.

Бажы кызматындагы эмгек жолум аяктагандан кийин Кыргызстандагы корей диаспорасында коомдук ишмердигим башталды. Ушул убакка чейинки менин алган билимимди, топтогон тажрыйбамды жаңы инвестицияларды тартууга, өлкөбүздүн экономикасын бекемдөөгө жумшайм деп так кесе айта алам. Бул өлкөдө биздин балдарыбыз жашап, өсүшү үчүн ак эмгек өтөйм жана алардын тагдыры, келечеги мага чын жүрөктөн баары бир эмес, тескерисинче түйшөлтөт, ойлонтот.

Кадырлуу достор, саламатта болгула, фейктерге ишенбегиле!