Ажырашарда ҮЧ НЕРСЕНИ эстен чыгарбаңыз!

21 августа 2020 Ажырашарда ҮЧ НЕРСЕНИ эстен чыгарбаңыз!

Уруш-талашсыз үй-бүлө болбойт. Психологдордун айтымында, уруш көбөйүп, үй-бүлө маселеси созулуп кеткенде, ажырашууну ойлогон жубайлар көп экен.

Сезимдери салкындай баштаган жзубайларга тажрыйбалуу адамдар “Сезимдерди жылытуу үчүн эки дене бирин-бири жылытыш керек. Капа болсоң да, көңүлүң калса да бөлөк жатпа” десе, психологдор “Жубайлар бош убактысын бир өткөрсө, мамилелери бекемделет” деп кеңеш беришет. Бирок, кээде экөөн чогуу камап койсо да, ажырашуу чечимине келгендер аз эмес. Аларга улуулардын акылы да, психологдордун кеңеши да көмөктөшө албайбы?

“Ажырашуу бактысыздыктан куткара алабы? Ажырашкандан утасызбы, же утуласызбы?” Ушул суроолор сизди көп ойлондуруп жүрсө, төмөнкү үй нерсени эске тутуңуз.

БИРИНЧИДЕН, ажырашуу – операция сыяктуу. Тажрыйбалуу хирургдардын бири да операциядан кийин дене калыбына келип, оору биротоло жоголот деп кепилдик бере албайт. Себеби, операциядан кийин калыбына келген организм бар, ага туруштук бере албаган организм да бар. Ошол сыяктуу үч диплому бар психолог да, эң жакын досуңуз менен акылдуу энеңиз да ажырашуу бактысыздыктан сактайт деп кепилдик бере албайт.

ЭКИНЧИДЕН, ажырашуу – лоторея оюнуна окшош. Же утасыз, же утуласыз! Муну эч ким алдын ала билбейт.

ҮЧҮНЧҮДӨН, турмуш курарда кыз да, жигит да “Азыр үй-бүлө курганым туурабы? Жубайлык өмүрдө мени эмне күтүп жатат?” деп эч кимден сурабайт. А сизчи, кимден кеңеш сурадыңыз? Өз жүрөгүңүздү угуп, өз башыңыздагы акылды ээрчидиңиз. Андай экен, ажырашарда дагы жүрөгүңүздү угуп, акылыңыз менен чечим чыгарыңыз. Бирок, шашылбаңыз.

Дагы бир жолу ойлонуңуз!

  • Мүмкүн урайын деп турган никени кайра калыбына келтирүүгө болот чыгар?
  • Маселени чечүүнүн жеңил жолун издеп жаткан чыгарсыз?
  • Балким, кырдаал жакшырып, ал өзгөрөр?

Ушул суроолорго от-жалын болуп, күйүп турган кезде да, үмүтүңүз өчүп, чөгүп турган кезде да жооп берип көрүңүз. Мүмкүн болсо, ажырашууну эмес, никени сактап калуу жолдорун издеңиз.

Кантсе да, бул сиздин жеке өмүрүңүз, чечимди өзңүз кабыл аласыз. Деген менен, эсиңизде болсун, баңги затына берилген, аракеч жана жалганчы – ушул үч адамды н оңолушуна эч ким кепилдик бере албайт. Башкаларын өзгөртүү сизге гана байланыштуу.