Кыргызстандын авиация тармагында болуп жаткан реформалардын урунттуу учурлары тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев айтып берди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Кыргызстан авиациясы: каттамдарды жандандыруу, № 1 борт жана ЭБ кара тизмеси" деп аталган брифингге катышты.
"Жакында өлкөдө дагы 2-3 авиакомпания жүргүнчү ташууга уруксат берген сертификат алат. Мунун аркасы менен атаандаштык күч алып, билеттердин баасы арзандайт", — деди ал.
Ошондой эле Акышев Кыргызстанда жүк ташуу менен алектенген авиакомпаниялар пайда болуп жатканын кошумчалады.
"Мурда жүк ташуучу авиакомпаниялар жабылып калган эле. Азыр бир нечеси сертификат алуу ниетин билдирүүдө. Биринин документи колго тийип иштей баштады", — деди Акышев.
Мындан тышкары, директор авиация тармагында коррупияга каршы күрөш күч алганын билдирди.
"Ушул жылдын февраль айында Коопсуздук кеңеши кабыл алып берген иш-чаралардын аркасы менен коррупцияны жок кылууга аракет кылып жатабыз. Көптөгөн маселелер чечилди, бизден көз каранды болбогон бир нече пункт калды. Жылдын аягына чейин аны да бүтүрөбүз", — деди жетекчи.
Буга чейин ал Кыргызстанды 14 жыл мурда түшкөн Европа биримдигинин "кара тизмесинен" чыгаруу аракети болуп жатканын айткан эле.