Бишкек — Ош унаа жолунда кагышкан унаалар өрттөнүп, бир киши көз жумду

21 августа 2020 Бишкек — Ош унаа жолунда кагышкан унаалар өрттөнүп, бир киши көз жумду

Бишкек — Ош жолунда эки жеңил унаа кагышкандан кийин өрт чыгып, анын кесепетинен бир адам каза тапканын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, жол кырсыгы кечээ, 20-август күнү, кечинде Токтогул районуна караштуу Жаңы-Жол айыл аймагынын Арал тилкесиндеги Бишкек — Ош унаа жолунун 275-чакырымында болгон. ӨКМге билдирүү 20:48де түшкөн.

"Анда Volkswagen Passat жана BMW үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен машиналардан өрт чыгып, бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн", — деп айтылат маалыматта.

Каргашадан төрт адам жабыркап, 53 жаштагы эркек киши ооруканада каза болгон.

sputnik