Жакында Кыргызстандын үч шаарга каттаган ички рейстери көбөйөт

21 августа 2020 Жакында Кыргызстандын үч шаарга каттаган ички рейстери көбөйөт

Жакынкы күндөрү Кыргызстандын ичинде кандай ички авиакаттамдар жандана турганын Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтүп жаткан "Кыргызстан авиациясы: каттамдарды жандандыруу, № 1 борт жана ЭБ кара тизмеси" деп аталган брифинг учурунда сөз болду.

Акышевдин айтымында, учурда эки жергиликтүү авиакомпания Бишкек — Ош — Бишкек багыты боюнча каттап жатат.

"Августтун аягында же сентябрдын башында Баткен, Жалал-Абад жана Исфана аэропортторуна учуу пландалып жатат. Алгач жумасына бир жолудан каттап, кийин саны көбөйөт", — деди Акышев.

Директордун айтымында, бул каттамдарды аткара турган бардык аба кемелеринин абалы жакшы. Алар өз учурунда текшерүүлөрдөн өтүп турат.

sputnik