Жакшы көргөн жемишине карап мүнөзүн билүүгө болот (тест)

21 августа 2020 Жакшы көргөн жемишине карап мүнөзүн билүүгө болот (тест)

Сүрөттөгү жемиштердин бирин тандап, билбей жүргөн сапаттарыңызды билип алыңыз. Столдо алмурут, алма, мандарин, банан, жүзүм, алча турат. Кайсынысын тандайт элеңиз?

Алма

Бул адамдар башкаларга караганда катуулугу, кычкылдыгы менен айырмаланат. Эртең менен кңлңп турса, түштө муңайып, кечкисин мүнөзү дагы өзгөрүп калат. Ошон үчүн булар менен өткөргөн күндөр кызыктуу. Аракетчил болушат. Кырдаалга жараша таттуу, кычкыл, жашыл, кызыл, сары болуп өзгөрүп, чөйрөгө тез көнүп кетишет. Кыялдары орундалат. Аракетчил, жакшы касиети – ишенимди актай алат, эмгекчил. Ошон үчүн ага каалаган жумушту ишенип тапшырууга болот. Бул адамдар жөнөкөй өмүр сүргөндү жакшы көрүшөт.

Кеңеш: Башкаруучулук, уюштуруучулук сапатыңызды пайдалана билсеңиз, жашооңуз бир топ кызыктуу болот.

Банан

Бул адамдар муздак, өзүмчүл көрүнгөнү менен, мүнөзү жумшак, назик болушат. Ичине сыр сактай албайт. Жакшылыкты көп кылат. Бирок, ушул сапатынан көп жапа чегет. Өзүнүн эмес, башкалардын пикирин жогору коёт. Кыялдары көп, бирок башкалардын жетегинде жүргөндүктөн, ошолордун кыялын орундатууга өмүрүн арнайт. Булар өздөрүнө ишенбейт, өзүн өзү баалабайт.

Кеңеш: Тыйындын эки бети болорун эске алып, адамдарды айырмалай билиңиз.

Жүзүм

Тамыры бекем өсүмдүк. Бул жемишти жакшы көргөндөрдүн нерви бекем. Түрдүү маселелерди салмактап туруп чече алат. Тынчтыкты биринчи орунга коюшат. Тартиптүү, кечикпейт, сөзүнө бекем болушат. Сүйлөгөндөн укканды жакшы көрүшөт. Ошон үчүн арманын айтып келгендер көп болот. Ал өзүнүн эле эмес, өзгөлөрдүн да сырын бекем сактайт.  Эч кимге ишенбейт. Ишенбестиги кызматтан жогорулоого, дос күтүүгө тоскоол болот.

Кеңеш: Кээде жашоону өзгөртүү үчүн ката кетирүүнүн, алдануунун пайдасы бар. Тажрыйба топтосуз, өсөсүз. Ошон үчүн эч кимден, эч нерседен коркпош керек. Ишенимдүү кадам – коркунучутарды жоёт.

Алмурут

Өтө жагымдуу. Эшиги дайыма ачык. Колу берекелүү. Чыгармачылыкка жакын. Сүрөт тартып, сайма сайганды жакшы көрөт. Кыялкеч. Алмурутту жакшы көргөн аялдар каалаган эркектин көңүлүн таба алат. Ал эми эркектер башкалар менен тил табыша албайт. Анткени, алардын жини бат келет. Жаман сапаты – чыдамсыздык. Бир нерсеге тез кызыгып, кайра тез эле кызыгуусу тарап кетет. Ошон үчүн мындай адамдар баштаган ишти аягына чыгарбайт

Кеңеш: Баштаган ишти аягына чейин чыгарганды үйрөнсөңүз, максатыңызга жетесиз.

Мандарин

Шайыр, шатман жүргөн адамдардын сүйүп жеген жемиши. Бул адамдарды ички дүйнөсү сулуу болот. Түшүнүгү терең. Бул адамдар менен сүйлөшүү, өмүр сүрүү кызыктуу жана жеңил. Анткени, эркин ой жүгүртүп, кыйынчылыктард көтөрө билет. “Муну менен өмүр токтоп калбайт, кайгырууга 100 себеп болсо, кубанууга да 100 себеп табылат” деген оптимисттер. Эч кимге жүк болгусчу келбейт, ошон үчүн булар бакытка, кыялдарга кеч жетет.

Кеңеш: Башкаларга сакмагыңызды салганды үйрөнүңүз. Кыйынчылык башка түшкөндө жакын адамдарыңыздын жардамы керек болот.

Алча

Мындай адамдар так далил болмоюнча, эч нерсеге ишенбейт. Ушакты жана калпты жек көрөт. Бирок, бул касиетти баалагандар аз. Үмүрүндө түрдүү көйгөйлөргө көп жолугат. Анткени, ал тегерегиндегилерге жардамдашып, ошолордун маселесин чечип жүрөт. Жүрөгү мээримге толо, пейили кең, колу ачык. Бат сүйүп калат, сүйүүгө туруктуу. Сүйүктүүсү үчүн ар кандай курмандыкка барат. Сүйүүдө таза, чынчыл болот.

Кеңеш: Өмүрдө биринчи кезекте өзүңүздү жакшы көрүңүз. Адегенде өзүңүзгө колдоо көрсөтүңүз.