Кыргызстанда эл аралык издөөгө алынган адам Москванын метросунан кармалды

20 августа 2020 Кыргызстанда эл аралык издөөгө алынган адам Москванын метросунан кармалды

Кыргызстанда эл аралык издөөгө алынган шектүү Москванын метросунда колго түштү. Бул тууралуу шаардын Башкы көзөмөл башкармалыгынын башчысы Владислав Султановго таянып РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, метронун кызматкери билети жок жүргүнчүнү токтотуп текшерген учурда ал эл аралык издөөдөгү шектүү болуп чыккан.

Метро контролеру Ольга Яровая Калуга — Рига багытындагы метрого "Третьяковская" станциясынан чыккан эркек кишини токтотуп, текшерүүгө алган. Анын жанында документтери жок болгондуктан өздүгүн аныктоо үчүн полиция бөлүмүнө алып барышкан.

"Полиция кызматкерлери тарабынан бул жаран Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 166-беренесинин 3-бөлүгү ("Ири өлчөмдөгү алдамчылык") боюнча эл аралык издөөдө экени аныкталды", — деди Султанов.

Учурда шектүүгө карата күч органдары тарабынан тийиштүү чаралар көрүлүп жатат. Ал эми метро контролеру шаардык транспорттогу коопсуздукту камсыздоого кошкон салымы үчүн сыйланары айтылды.

sputnik