Моюндагы "засосту" кетирүүгө болот?

20 августа 2020 Моюндагы "засосту" кетирүүгө болот?

Сүйүүнүн, кумардын, ашык болуунун күчү зор. Мындай ажайып сезимдерди баштан кечирүү керемет ырахат тартуулайт эмеспи. Айрымдар берилип өбүшкөндөн кийин, моюнда кызыл-көк изин калтырып кетет.

Албетте, берилип сүйүү, өбүшүү – керемет сезим. Бирок, моюндагы издер так мактана турган көрүнүш эмес. Ошондуктан, аны кетирүүнүн жолдорун билип алуу оң. Албетте, моюндагы такты (ЗАСОС – эл арасында кеңири тараган аталыш) узун чач, шарф же жоолук, бийик жакалуу кийим менен жашырып алууга болот. Бирок, алар да жардам бере албаган учурлар болот...

Моюндагы кызарган так

Моюнда калган изди тиш пастасы жакшы кетирет. Ошол жерге пастаны сүртүп, пластырь менен чаптап коюу керек. Анын курамындагы активдүү заттар кызарган так менан шишикти кетирет. Аны менен катар ашкана содасын да пайдаланууга болот. Соданы сууга коюу кылып аралаштырып, көгөргөн жерге сүртүп, үстүнөн пластырь менен чаптап коёт.

Йод да жардам берет

Моюнда калган тактын үстүнөн йодду торчо кылып сүртүп коюу керек. Ал тактын бетин жаап, эртерээк кетирүүгө көмөктөшөт. Бирок, тери күйүп калбаш үчүн, абайлап пайдалануу кажет.

Алоэ

Үйдөгү гүлдөрдүн арасында алоэнин болгону жакшы. Анын жалбырагынын сыртын аарчып салып, медициналык спирт менен аралаштырып, кызарган жерге компресс жасоо керек. Бул ыкма башкаларга караганда “засосту” бат кетирет.

Картошка менен дагы кетирүүгө болот

Бул ыкманы жасап жүргөндөр көп болуш керек. Кызарган жерге картошканы жука тилип коёсуз. Ар жарым саат сайын алмаштырып туруу керек.

Бака жалбырак

Бака жалбыракты таза сууга жууп, кызарган жерге таңасыз. Бир нече жолу алмаштырууну унутпаңыз.

Капуста дагы кызарган такты кетирет

“Засос” моюнда эле эмес, дененин башка жеринде дагы калышы мүмкүн. Ошол жерге капустанын жалбырагын жумшартып алып, таңып коюңуз. Жалбырак ысый баштаганда башкасына алмаштырасыз.

Эмне кылууга болбойт?

Кызарган такты кетирем деп, туура эмес ыкмаларды пайдалангандар да бар. Кээ бирлер укаласа, кээ бирлер спирт кошулган заттарды пайдаланышат. Бул ыкмалар кызарууну күч алдырат. Ошондуктан укалоонун кереги жок жана курамына спирт кошулган заттарды колдонбой эле коюңуз.