Блогер: Бишкектин сойкулары катталган сайтка кокустан туш болуп калып...

9 октября 2018 Блогер: Бишкектин сойкулары катталган сайтка кокустан туш болуп калып...

Кечээ мен Бишкектин сойкулары катталган сайтка кокустан кирип калып, өзүмдү баалап жүргөн көз карашым эки бөлмө үйүмдүн эшигинен чыкпай калды.

Чамасы, биз күйөөлүү аялдар өзүбүздү аябай эле бийик баалап алсак керек! Биздин секс өнөр жайыбызда керт башын, каражанын аябай (башка органдарын дагы) кыргыздын өзүнчө эле Адреана Лималары (супер модель) эмгектенип келет.

Толтурган анкеталарына караганда, алардын баары 19 жашта, ал эми салмагы 50 килограмм. Элестетип көрүңүз, алардын жаш денесинде бир грамм дагы ашыкча салмак жок. Мына ушундай “бийкечтер” мырзаларга болгону эки миңден ашпаган сом үчүн жетип келүү даяр.

Эми ар дайым жолдошума “чоёктоп” оозумду ачарда көз алдыма грамм кемчилиги жок түнкү көпөлөктөрдүн элеси келе берет.

Булак: https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=1025023054324660&id=100004509255751