Сүйүнүчтүү кабар! Өткөн суткада коронавирустан адам өлүмү катталган жок

20 августа 2020 Сүйүнүчтүү кабар! Өткөн суткада коронавирустан адам өлүмү катталган жок

Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Кечээ күнкү статистика боюнча, жалпысынан коронавирустан өлкөдө 1 054 адам көз жумган.

Буга чейин оорудан акка моюн сунгандар бир жарым миңге жетти деп саналып, бирок бийлик статистиканы кайра карап чыккандан кийин 437си коронавирустан эмес, башка дарттан өлгөнү аныкталганы айтылган.

sputnik