Өзгөн: тойдо досун куттуктап асманга ок чыгарган видеодогу жигит кармалды

19 августа 2020 Өзгөн: тойдо досун куттуктап асманга ок чыгарган видеодогу жигит кармалды

Өзгөн районунда үлпөт той учурунда асманга ок чыгарган 20 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ, 18-август күнү, жаштардын үлпөт тоюнда белгисиз жигиттин тапанчадан асманга бир жолу ок чыгарган видеосу интернетке тараган.

Аталган факт боюнча топтолгон материалдар Өзгөн милициясынын Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренесинин ("Ээнбаштык") 2-бөлүгү менен катталып, териштирүү жүрүп жатат. 

"Өзгөндүн Мырзаке айылынын тургуну өзгөчө кырдаал учурунда той өткөрбөө жана элди көп чогултпоо жөнүндө эскертүүлөргө карабастан уулунун үлпөт тоюн уюштургандыгы аныкталды. Ал эми тапанчадан ок чыгарган жигит Алай районунун Жаӊы-Арык айылынын 20 жаштагы тургуну Э. уулу Ж. экени белгилүү болду. Ал кармалып, Өзгөн РИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.

Аширбаев учурда ал жигит тапанчаны кайдан алгандыгын жана кимге таандык экенин аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

sputnik