1-класстарды мектепте окутуу тартиби жарыяланды. Ата-энелерге кулак кагыш

19 августа 2020 1-класстарды мектепте окутуу тартиби жарыяланды. Ата-энелерге кулак кагыш

Мектептер үчүн талаптар жана 1-класстын окуучуларынын ата-энелерине сунуштамалар иштелип чыкты. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жалпы гигиена боюнча дарыгери Мария Кушубакова билдирди.

Белгилей кетсек, быйыл мектеп окуучуларын аралыктан окутуп, 1-класстарды гана күн сайын мектепке барып окутуу чечими кабыл алынган.

Аталган департамент Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте мектептер үчүн алгоритм иштеп чыкканы айтылат.

Талаптар жана сунуштамалар:

  • Ар бир класста окуучулардын саны азайтылышы керек, эгерде класста 25-30 окуучу болсо, аларды эки топко бөлүп, шахматтык тартипте отургузуу зарыл;
  • Мектеп директорлору санитардык талаптардын аткарылышына жана дезинфекциялоо иштерине жооптуу;
  • Балдар бет кап тагынып, атайын кол аарчыларды жана антисептиктерди пайдаланышы керек, аларды ата-энелери камсыздоого тийиш;
  • Мектептер дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздалышы шарт;
  • Ата-энелерге балдарын өздөрү алып келип, алып кетүүсү сунушталат;
  • Аралыкты сактоо үчүн мектептерде эки чыгуу/кирүү эшиги болушу зарыл;
  • Санитардык ченемдерди жана тийиштүү шарттарды сактоо үчүн мектептер суу менен камсыздалып, канализация жана жылытуу сезонуна даярдык көрүлүшү керек.

sputnik