Шайлоого аттанган 44 партиянын сегизи тизмеден чыгарылды

19 августа 2020 Шайлоого аттанган 44 партиянын сегизи тизмеден чыгарылды

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышууга ниетин билдирген жети партия кайра баш тартып, бирөө талаптарды аткарбаганы үчүн четтетилди. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Белгилей кетсек, 8-августта шайлоого катышууга белсенгендердин документтерин кабыл алуу мөөнөтү бүткөн. Анын натыйжасында БШКга 44 партиядан арыз түшкөн.

Бирок "Кыргыз Республикасынын Агрардык партиясы", "Демократ", "Кыргызстан комунисттер партиясы", "Эмгек", "Бирик", "Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы" жана "Бийлик элге" партиялары шайлоого катышуудан кайра баш тартканы тууралуу кабарлаган.

Ал эми "Жаратман Эл" саясий партиясы белгиленген убакытта шайлоо фондун түзүү үчүн банктык эсеп ачпагандыктан талапкерликтен четтетилген.

Ошондой эле БШК партиялар 20-августка чейин курултай өткөрүп бүтүшү керектигин эскертти. Бүгүнкү күндө сегиз партия съезд өткөрүп, талапкерлердин тизмеси түзүлгөнү айтылат. Ал эми 16 партия жакынкы күндөрү съезди боло турганын оозеки кабарлаган.

Ал эми 24-август саат 18.00гө чейин саясий партиялар депутаттыкка ат салыша турган талапкерлердин тиешелүү документтерин бериши шарт.

sputnik