Августтун соңунда кыргызстандыктар 3 күн катары менен эс алат

19 августа 2020 Августтун соңунда кыргызстандыктар 3 күн катары менен эс алат

Келе жаткан аптада кыргызстандыктар катары менен үч күн эс алат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

"Кыргызстандыктар келе жаткан 29, 30, 31-август күндөрү эс алат. 29, 30-август ишемби, жекшемби болсо, 31-август — Эгемендүүлүк күнү. Ал календарда майрам катары кызыл менен белгиленген", — деп айтылат билдирүүдө.

Эмгек кодекси боюнча, майрам күндөр дем алышка туш келсе, эс алуу кийинки иш күндөрүнө жылдырылат. Бирок бул жолку Эгемендүүлүк күнү аптанын баштапкы иш күнүнө, дем алышка удаа келген.

sputnik