Смартфон жай иштеп калса эмне кылуу керек? Эксперттин кеңеши

19 августа 2020 Смартфон жай иштеп калса эмне кылуу керек? Эксперттин кеңеши

Смартфондогу керексиз жана орунду көп ээлеген тиркемелердин санын азайтуу менен гаджеттин иштешин ылдамдатса болот. Бул тууралуу эксперт Владимир Гриценкого таянуу менен РИА Новости жазды.

Анын айтымында, көп учурда iOS жана Android түзүлүштөрүндөгү эски смартфондор жай иштеп калат. Анткен менен заманбап Android Go системасынын ишинде деле мүчүлүштүктөр бар.

Адистин айтымында, эски же арзан смартфондордун иштешин эки жол менен тездетүүгө болот. Биринчиси, анын оңдоо бөлүмүнө кирип өзгөртүүлөрдү киргизүү керек, экинчиси, керексиз тиркемелерди өчүрүп, ресурсту аз талап кылгандарын көчүрүп алса болот.

"Адатта телефон Facebook жана YouTube тиркемелеринен кыйналат. Маселен Android системасында ушулардын эле жеңилирээк түрлөрү, тагыраагы, Facebook lite жана Google Maps Go дегендер бар", — деген эксперт.

Ал кошумчалагандай, сайттардын мобилдик версиясын же веб-браузер сервисин колдонуу менен уюлдук телефондун жүгүн азайтса болот.

sputnik