Малинин президенти козголоң чыккан соң отставкага кетти

19 августа 2020 Малинин президенти козголоң чыккан соң отставкага кетти

Аскердик козголоң чыккан Мали Республикасынын президенти Ибрагим Бубакар Кейт бүгүн отставкага кетип, парламентти таратарын жар салды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Эске салсак, кечээ Малинин куралдуу күчтөрү президенттин өлкөдөн чыгып кетишин талап кылып, козголоң чыгарышкан. Кечке жуук премьер-министр Бубу Сиссе, президенттин уулу Карим Кейт жана коргоо министри Ибрахим Дахиру Дембеле камакка алынганы айтылган эле.

Президент козголоңчулардын колуна түшкөн соң билдирүү таратканы белгилүү болду.

"Мен кызматымды таштоону чечтим. Бийликти кармап туруп алып, кан төгүлүп кетишин каалабайм. Өкмөт менен парламент дагы таратылат", — деди президент мамлекеттик теленин түз эфири аркылуу.

Жакынкы сааттарда ошол эле телеканалда козголоңчулардын элге кайрылуусу көрсөтүлөрү кошумчаланды.

sputnik