Ысыкты тоотпойт экен. Кытайлык академик COVID боюнча жагымсыз жаңылык айтты

19 августа 2020 Ысыкты тоотпойт экен. Кытайлык академик COVID боюнча жагымсыз жаңылык айтты

Буга чейин айтылган COVID-19 ысыкта жоголот деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Sputnik радиосу академик Чжун Наньшандын Кытайдын "Хуаньцюван" басылмасына курган маегине таянуу менен жазды.

Окумуштуунун айтымында, COVID-19 Кытайда азыр деле кооптуу, анткени өлкөнүн масштабы менен алып караганда калктын өтө аз бөлүгүндө антителолор иштелип чыккан. Буга элдин анча көп эмес бөлүгү ооруганы себеп. Мындан улам Чжун Наньшань мамлекет бекиткен профилактикалык чараларды сактап, бет кап тагынып, аралыкта болуп, байма-бай колду жууп туруу керек экенин эскертүүдө.

"Акыркы убакта Кытайда тоңдурулган азыктардын таңгагынан коронавирус табылган учурлар көбөйдү. Чжун Наньшань мындан коронавирус жукпай турганын, болгону таңгакка тийген колду жакшылап жууган жетиштүү экенин маалымдады", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми коронавирустун негизги жана жагымсыз жаңылыгы деп окумуштуу анын ысыкты тоотпой турганын белгилеген. Буга чейин адистер күндүн жылышы менен инфекциянын тароосу жайлайт деп айтып келишкен эле. Окумуштуу азыркы кырдаал вирус аба ырайынан жана жыл мезгилинен көз каранды эмес экенин тастыктады деп эсептейт.

sputnik