Адис: бел кубатты бекемдеген дарылар жоон ичегинин рагын алдын алат

19 августа 2020 Адис: бел кубатты бекемдеген дарылар жоон ичегинин рагын алдын алат

Эркектердин бел кубатын бекемдөөчү дары-дармек жоон ичегинин рагын алдын алып, бул ооруга чалдыккан учурда шишикти күчөтпөй кармап турат. Бул тууралуу Лунд университетинде (Швеция) иликтөө жүргүзүлгөнүн Medical Xpress медициналык басылмасы жазды.

"Бирок мында кеп бардык эле препараттар тууралуу болгон жок. Фармакологияда ФДЭ-5 түшүнүгү бар. Бул топко текшерүүдөн өтүп, эл аралык талаптарга жооп берет деген дарылар кирет. Мына ушул топтогу каражаттар гана залалдуу шишикти алдын алат деген бүтүм чыгарып жатабыз", — деген окумуштуулар.

Мындай жыйынтыкка келүү үчүн адистер жоон ичегинин рагына кабылган 1 136 эркекти изилдеп көрүшкөн. Бир нече жыл өткөн соң бейтаптардын 17,5 пайызы каза болгон. Алардын басымдуу бөлүгү залалдуу шишик аныкталганга чейин, андан кийин дагы эркектерге "арналган" бир дагы дары-дармек ичпегени белгилүү болгон.

Жоон ичегинин рагы — дүйнөдө эң кеңири тараган залалдуу шишиктердин бири. Саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, 2018-жылы рактын ар кайсы түрүнөн дүйнө жүзү боюнча 9,6 миллион киши өлгөн. Алардын 1,8 миллиону дал ушул жоон ичегинин рагына кабылгандар.

sputnik