Машина талкаланган. Бишкектин четиндеги үрөй учурган кырсыктын видеосу

12 августа 2020 Машина талкаланган. Бишкектин четиндеги үрөй учурган кырсыктын видеосу

Чүй облусунун Петровка айылында 12-август күнү эртең менен жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу облустун Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Кырсык болгон жерден тартылган видео "Короче" Telegram каналына жүктөлдү.

Видео

Окуя саат 10.00дөр чамасында болгон. Айдоочу автоунааны башкара албай калып, жол жээгиндеги тосмого барып урунган. SEAT үлгүсүндөгү машина бир топ талкаланып калганын көрүүгө болот. Айдоочуну тез жардам унаасы ооруканага алып кеткен.

Башка жабырлануучулар тууралуу маалымат берилген жок.

sputnik