"Данияр, сен чынчыл адам экенсиң". Лукашенко менен Үсөновдун жолуккан видеосу

12 августа 2020 "Данияр, сен чынчыл адам экенсиң". Лукашенко менен Үсөновдун жолуккан видеосу

10-августта Беларусь президенти Александр Лукашенко агро өнөр жай комплексинин долбоору менен таанышты. Долбоор тууралуу ага Даниил Урицкий айтып берген. Жолугушууга Кыргызстандын ТИМи реакция кылды.

Беларустун президенти Александр Лукашенко Минск облусуна барып, жогорку технологиялык агро өнөр жай толук циклдүү өндүрүшүнүн инвестициялык долбоору менен таанышты. Аны Даниил Урицкий (Данияр Үсөнов азыр өзүн ушинтип атап жүрөт) жетектеген "Беларусь улуттук биотехнологиялык корпорация" жабык акционердик коому ишке ашырууда. Бул боюнча СТВ сюжет даярдаган.

Долбоор тууралуу айтып берип жаткан Урицкий алардын баасы дүйнөлүк нарктан жогору экенин айтып, "биздин дыйкандын эмгеги татыктуу бааланышы керек" деген.

Андан соң Лукашенко колун Урицкийдин ийинине коюп: "Саясат бул жерде, Данияр, бирөө гана болушу керек, ал адамдар. Мен сенин принципиалдуу, чынчыл адам экениңди, белорустарды таарынтпай турарыңды көрүп турам, анткени алар эмгекчилдик жагынан кыргыздарга окшош", - деп айтканын көрүүгө болот.

Бул жолугушуунун сүрөттөрү 10-августта эле тарап, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Беларусь Республикасынын элчилигинин өкүлүн чакырган. Анда кыргыз тарап КРдин мурунку премьер-министри, соттолуп издөөдө жүргөн Данияр Үсөновдун ээн-эркин жүрүшү боюнча түшүндүрмө талап кылган. 

Курманбек Бакиевдин тушундагы акыркы өкмөт башчы кызматынан Апрель революциясынан кийин кол жууган. Үсөнөвдун өкмөтү болгону 3,5 ай иштеди. Ал апрель окуясы боюнча сыртынан соттолуп, учурда Даниил Урицкий болуп Беларуста жашайт.

sputnik