Коронавирус жуктурган дагы алты бейтап каза тапты

12 августа 2020 Коронавирус жуктурган дагы алты бейтап каза тапты

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган дагы алты киши каза тапты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

"COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында, Баткен, Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарында бирден бейтап ооруну жеңе албай көз жумду", — деди Акматова.

Өлкөдө коронавирус катталган март айынан бери вирустан көз жумгандардын 1 482ге жетти.

sputnik