12 августа 2020
Бүгүн Кыргызстанда дагы 304 адамдан коронавирус чыкканын Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, жаңы учурлардын ичинен 14 киши медицина кызматкерлери.
- Бишкек - 88;
- Ош – 21;
- Чүй облусу – 27;
- Ош облусу - 42;
- Талас облусу – 7;
- Нарын облусу – 11;
- Ысык-Көл облусу – 37;
- Жалал-Абад облусу – 28;
- Баткен облусу - 43.
Ушуну менен вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 40 759 болду.