13-августка караган түнү Персеид метероиттик агымдын жогорку чеги күтүлүп жатканын Москва планетарийи билдирди.
Агым быйыл 23-июлдан 20-августка чейин созулат. Эл аралык метеорология уюмунун болжолуна ылайык, анын жогорку чегинде саатына 110 метеорит учуусу күтүлөт.
Байкоо үчүн шарттар салыштырмалуу жагымдуу болот: ай кичирейип, бир аптадан кийин жаңылануу фазасына кирет. Мындан улам ага байкоо салууга жердин спутниги тоскоолдук кылбайт.
Кыргызгидрометтин болжолу боюнча түнкүсүн Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көл облусунда гана кыска мөөнөттүү жаан болушу мүмкүн.
Персеиддер — жыл сайын жердин атмосферасы аркылуу өтүүчү метеориттик агым. Ал Свифта – Таттла куйруктуу жылдызы (комета) тарабынан түзүлгөн. Метеориттик агымдын жогорку чеги көбүнесе август айынын экинчи декадасына туш келет.