Данияр Үсөнов менен Лукашенконун сүрөтү. Бишкекте ТИМ Беларусь элчисин чакыртты

11 августа 2020 Данияр Үсөнов менен Лукашенконун сүрөтү. Бишкекте ТИМ Беларусь элчисин чакыртты

Кыргызстан Беларустан Данияр Үсөновдун коомчулукка ачык пайда болушун талап кылып, ТИМ аталган мамлекеттин Бишкектеги элчисин чакырды. Бул тууралуу тышкы иштер ведомствосунун маалымат кызматынан кабарлашты.

Анда кыргыз тарап Беларустагы мамлекеттик иш-чарада Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, эл аралык издөөдө жүргөн жана сыртынан соттолгон Данияр Үсөновдун катышканы боюнча түшүндүрмө сурады.

Беларусь элчисине мындай кадам эки өлкөнүн буга чейинки достук мамилесине доо кетирери айтылган.

"ТИМ мындан улам элчиге тиешелүү нота тапшырып, аталган адамдын, Беларустагы ага тиешеси барлардын токтоосуз кармалышына чара көрүп жана Кыргызстанга экстрадиция кылууга чакырды", —  деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, сөз болуп жаткан сүрөт президенттин сайты менен РИА Новостиге жарыяланган. Анда Урицкийге окшогон киши Лукашенкого жана анын айланасындагы кишилерге таякча менен бир макетти көрсөтүп түшүндүрүп жатканын көрүүгө болот.

Маалыматта Лукашенко Минск облусуна иш сапары менен барып, Пухович районундагы жогорку технологиялуу агроөнөр жай өндүрүшүн толук циклде уюштуруу боюнча инвестициялык долбоордун ишке ашырылышы менен таанышары айтылат.

Данияр Үсөнов Курманбек Бакиев президент болуп турган кезде анын администрациясын жетектеп келип, 2009-жылдын январь айынан тарта өкмөт башчы болгон. 2010-жылы эл бийликке нааразы болуп чыккан акцияда Үсөнов да качып кеткен. Кийин ага кылмыш иши козголуп, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган.

Кийинки анын сүрөтү интернет айдыңында жарыяланып, ал Даниил Урицкий деген ат менен чыга баштаган.

Белгилей кетсек, Беларуста экс-президент Курманбек Бакиевдин дагы жашап жүргөнү белгилүү.

sputnik