Каттоодон өткөн россиялык вакцина жапырт колдонууга качан чыгары айтылды

11 августа 2020 Каттоодон өткөн россиялык вакцина жапырт колдонууга качан чыгары айтылды

Россияда чыгарылган коронавируска каршы күрөшүүчү вакцина 2021-жылдын 1-январынан тартып массалык колдонууга чыгарылат. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин дары каражаттарынын мамлекеттик реестринин маалыматына таянып РИА Новости жазды.

Эскерте кетсек, бүгүн аталган министрлик коронавирусту алдын алуу үчүн дүйнөдөгү биринчи вакцинаны каттады. Препарат Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология улуттук илимий изилдөө борбору тарабынан Россиянын түз инвестициялар фонду менен биргеликте иштелип чыккан.

Маалыматта эмдөө алгач медиктерге жасалары айтылат. Иш-чара үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында башталып, андан соң массалык түрдө чыгарылат.

sputnik