Путиндин кызы COVID-19га каршы вакцина алып, өзүн кандай сезип жатканын айтты

11 августа 2020 Путиндин кызы COVID-19га каршы вакцина алып, өзүн кандай сезип жатканын айтты

Россия президенти Владимир Путин кыздарынын бири коронавируска каршы вакцина алгандыгын билдирди. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.

Мындай маалыматты ал өкмөттүн жыйынында Россия дүйнөдө биринчилерден болуп COVID-19га каршы вакцинаны каттоодон өткөргөнү туурасында сөз болгон учурда айтты.

"Кыздарымдын бири да эмдөө жасатты. Мындайча айтканда, ал экспериментке катышты. Биринчи эмдөөдөн кийин эти ысып, 38 градуска чыкты, эртеси 37 градустан бир аз өйдө болду, бүттү, андан кийин калыбына келди", — деди Путин.

Бүгүн Россия дүйнөдө биринчилерден болуп коронавируска каршы вакцинаны каттоодон өткөргөндүгү белгилүү болду.

sputnik