Оштун Кара-Суусунда сегиз киши күйдүргүгө шектелип ооруканага түштү

11 августа 2020 Оштун Кара-Суусунда сегиз киши күйдүргүгө шектелип ооруканага түштү

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан айыл өкмөтүнүн сегиз тургуну күйдүргүгө шектелип ооруканага түштү. Маалыматты айыл өкмөтүнүн башчысы Курбанбек Мияшев тастыктады.

Анын айтымында, Папандын Тогуз-Булак айылынын тургундары август айынын баш ченинде ооруп калган уйду союп, этин бөлүп алышкан.

"Ылаң малдын этин бөлүп алган үй-бүлө мүчөлөрүнүн жалпы саны 288ди түзгөн. Анын ичинен 208 адам Папан айыл өкмөтүнүн жашоочулары болсо, калганы Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн тургундары экендиги аныкталган. Учурда сегиз киши облустук ооруканада дарыланып жатат", — деди Мияшев.

Окуядан кийин райондук ветеринардык инспекцияга кабар берилип, айыл өкмөттүн аймагында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлгөн. Ооруган уйдун этин жегендер тиешелүү дары-дармек алышкан.

Облустук оорукананын гепатология бөлүмүнүн дарыгери Курсанали Ташовдун айтымында, бейтаптардын баары эркек кишилер. Эң жашы 17де, улуусу 45 жашта.

"Алардын денесинин ар кайсы бөлүктөрүнө кызыл кара түстөгү жара чыгып, дене табы көтөрүлгөн абалда келген. Баарынан тең күйдүргүгө анализ алынып, лабораторияга жөнөтүлгөн. Жыйынтыгы жакында чыгат. Бейтаптардын баарынын тең колтук бези да чоңоюп кеткендиги аныкталды. Учурда абалдары туруктуу", — деди дарыгер.

Ал эми облустук ветеринардык инспекциянын башчысы Орозбек Ибраевдин айтымында, окуя тууралуу аталган кызматка 2-августта маалымат келип түшкөн. Учурда лабораториялык текшерүү жүргүзүлүп жатат, жыйынтыгы чыга элек.

Ал кошумчалагандай, Папан айыл өкмөтүндөгү мал-жандыктын баары эмдөөдөн өткөрүлүп, иштер дагы уланууда.

sputnik