COVID кандай учурда адамдын жанын алары аныкталды

11 августа 2020 COVID кандай учурда адамдын жанын алары аныкталды

Швециянын Каролина институтунун окумуштуулары коронавируска кабылган айрым бейтаптар эмне себептен каза болуп калып жатканын изилдеп чыгышты. Жыйынтыгын Cell Reports Medicine журналы жарыялады.

Адистер коронавирустун оор формасына чалдыккан бейтаптардын канын изилдеп көрүшкөн.

"Кандын курамында эозинофил деп аталган ак түстөгү зат болот. Оорунун күчөп кетишине ошолор себеп болот экен. Вирус өпкөгө чаап, адамдын абалы оорлогонго бир аз убакыт калганда дал ушул заттар канда көбөйүп калары аныкталды", — деди окумуштуулардын бири, иммунолог Петер Бродин.

Адистер бул ачылыш илдетке каршы күрөшүүгө мындан ары жакшы жардам болорун айтып жатышат.

sputnik