Быйыл кайсы класстар мектепте окушу мүмкүн. Министрликтин жообу

11 августа 2020 Быйыл кайсы класстар мектепте окушу мүмкүн. Министрликтин жообу

Кыргызстанда 1, 5, 9 жана 11-класстар окуу жылынын башында күн алыс мектепке барып, калган учурда аралыктан окуй турган болуп жатат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова брифинг учурунда айтты.

"Биз азыр эпидемиологиялык абал туруктуу эмес жерлерде окуунун ушундай формасын караштырып жатабыз. Эмнеге бул гана класстар десеңиздер, 1-класс окууга көнө элек. 5-класс чоң класс катары жаңы форматка өткөндүктөн булар дагы көнүшү зарыл. Ал эми 9-11-класстар бүтүрүүчү катары интенсивдүү окутулат", — деди Жусупбекова.

Ал эми эпидемиологиялык абал жакшы, "жашыл зона" деп эсептелген аймактарда балдар толугу менен мектепке барып окушу мүмкүн.

Ошондой эле сентябрь, октярь айында күн жылуу болгондуктан айрым сабактар таза абада өткөрүлүшү ыктымал экени айтылды.

Баса, класста окуучулардын саны көп болсо, алар эки топко бөлүнүп, маал-маалы менен окутулмакчы.

Эске салсак, пандемияга байланыштуу былтыркы окуу жылдын акыркы чейреги аралыктан окуу жолу менен аяктаган.

sputnik