Арасында сиздики барбы? Ден соолукка өтө кооптуу кесиптер аталды

11 августа 2020 Арасында сиздики барбы? Ден соолукка өтө кооптуу кесиптер аталды

Россиядагы керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адамдык бакубатчылык боюнча федералдык кызматы (Роспотребнадзор) кишинин ден соолугуна эң кооптуу кесиптердин рейтингин жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Рейтингди түзүүдө адистер иш учурунда алгач жаракаттарды эске алган.

Биринчи орунда тоо-кен тармагынын кызматкерлери турат.

"Мисал катары алсак, былтыр Россияда иш учурунда жабыр тарткандардын 46,9 пайызы дал ушул тармакка туура келет. Булардан кийин эле 29,9 пайыз менен кайра иштетүү менен алектенген ишканалардын кызматкерлери турат", — деп айтылат Роспотребнадзор мекемесинин билдирүүсүндө.

Төртүнчү орунда транспорт кызматтарын көрсөткөндөр (10,5 пайыз), андан соң курулушчулар (3,6 пайыз) турат.

Айыл чарба, аңчылык, балык уулоо жаатында иштегендер курулушчулардан калышпайт (3,5 пайыз).

Калган 5,6 пайызы башка тармактарга туура келет.

sputnik