Тоңдо 14 жаштагы баланын чөнтөгүндөгү уюлдук телефон жарылып кетти

26 ноября 2018 Тоңдо 14 жаштагы баланын чөнтөгүндөгү уюлдук телефон жарылып кетти

Райондук оорукананын директорунун айтымында, бейтаптан абалы азыр оор жана керектүү дарылоону алып жатат.

Тоң райондук аймактык ооруканасына 24-ноябрда саат 23:45тер чамасында төшү, ичи, аласы күйгөн 14 жаштагы өспүрүм келип түшкөн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, баланын шымынын чөнтөгүндөгү телефон жарылып кеткен. Маалыматта анын 1-2-даражадагы (30 пайыз) күйүк алганы айтылат.

Тоң райондук ооруканасынын директорунун айтымында, бейтаптан абалы азыр оор, керектүү дарылоону алып жатат.



Дагы: sputnik.kg, фото - © Sputnik / Табылды Кадырбеков