Ысык-Көлдө КамАЗ менен жеңил унаа кагышып, эки киши мерт болду. Сүрөттөр

10 августа 2020 Ысык-Көлдө КамАЗ менен жеңил унаа кагышып, эки киши мерт болду. Сүрөттөр

Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда КамАЗ менен Hyundai Sonata автоунаасы сүзүштү. Бул тууралуу облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Жол кыргысы кечээ саат 22:40тар чамасында болгон. Жеринде эки адам каза болду. Бири 1992-жылы туулган кыз экени айтылды. 

Дагы бир киши катуу жаракат алган. Ал эми жүк жашуучу унаанын айдоочусу жабыркаган эмес.

sputnik