38 жашта. Лукашенкодон тизгин талашкан Тихановскаянын таржымалы

10 августа 2020 38 жашта. Лукашенкодон тизгин талашкан Тихановскаянын таржымалы

Светлана Тихановская 1982-жылы 11-сентябрда Белоруссиянын Микашевичи шаарында туулган. 2000-жылы №2 орто мектепти алтын медаль менен аяктаган. Мозырь мамлекеттик педагогикалык университетинде чет тилдер мугалими жана котормочу адистиги боюнча билим алган.

Эмгек жолу:

  • Жогорку окуу жайын аяктаары менен Гомель шаарында жашап, бир катар мекемелерде котормочу болуп иштеген;
  • Чернобыль кырсыгынан жабыркагандарга кайрымдуулук кылган ирландиялык Chernobyl Life Line компаниясы менен кызматташкан;
  • 2020-жылдын 20-майында Белоруссия БШКсы анын президенттикке талапкерлигин каттаган;
  • Үй-бүлөлүү, бир уул, бир кыздын энеси.

Англис жана немис тилдеринде сүйлөйт.

sputnik