Туура тамактануу эрежесин сактоо менен эт азыгын жегендер жашылча-жемиш менен тамактангандарга (вегетариандар) караганда узакка жашайт. Мындай пикирди медицина илиминин кандидаты, диетолог-дарыгер Инна Кононенко билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биздин организм негизинен белоктон турат. Вегетариандарда белоктун жоктугунун кесепети дароо билине бербейт. Жаш өткөн сайын пайда боло баштайт", - деген адис.
Кононенко карып бараткан организмдеги эки көрсөткүчкө көңүл бурду. Биринчиси - кадимки уйку артериясындагы калыңдык, ал канчалык көп кездешсе, карылык ошончо эрте пайда болот. Вегетариандар холестеринди азыраак кабыл алгандыктан алардын тамырлары чоңоюп кеткен учур эт менен азыктангандарга караганда азыраак болот.
"Бирок эт жечүлөр B12, D3, K2 витаминдерин жетиштүү санда кабыл алса, анда анын тамыры чоңойбойт", - деп белгилейт медик.
Картаюунун экинчи белгиси – митохондрийлердин иштеши. Адис муну клеткалардын "энергетикалык станциясы" деп атайт.
"Бул вегетариандарда эт жегичтерге салыштырмалуу начар иштейт. Анткени эт митохондордун иштеши үчүн зарыл болгон л-карнитиндин булагы катары кызмат аткарат. Мындан тышкары, белоктордун синтезин мүнөздөөчү көрсөткүч бар. Тилекке каршы, адамдын организми вегетариандардын диетасынан аминокислотаны толук ала албайт", - дейт Кононенко.
Анын айтымында, кандайдыр бир органикалык кошулма болбосо, белгилүү бир белокту бөлүп алуу жана өздөштүрүү процесси үзгүлтүккө учурайт. Бул чачтын, тырмактын өсүшүндө көйгөй жаратып, көрүүнүн, теринин жана кан тамырлардын начарлашына алып келет.
Диетолог эт менен азыктангандарды да, вегетариандарды да витамин жана микроэлементтердин жетишсиздигинен арылууга чакырат.