Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

9 августа 2020 Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Эртең,10-августта, Кыргызстандын бир нече аймактарында күн 36 градуска чейин ысыйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Нарын, Ысык-Көл аймактарында жана республиканын тоолуу жерлерине жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад, Чүй өрөөндөрүндө жана Баткен, Таласта жаан-чачын болбойт. Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +30...+35, Талас жергесинде +28...+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көлдө +21...+26 жана Нарын аймагында +22...+27 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +33...+35, Ош шаарында +34...+36, ал эми Чолпон-Атада +23...+25 градуска чейин жетет.

sputnik