Эркекке аба менен суудай керек тестостерон. Гормон тууралуу эмне билүү керек

7 августа 2020 Эркекке аба менен суудай керек тестостерон. Гормон тууралуу эмне билүү керек

Тестостерондун аркасы менен эркекке сакал-мурут өсүп, булчуңдары күчкө толуп, тукум улоо мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Гормондун табияты жана анын тартыштыгына байланыштуу илдеттер тууралуу Европалык урологдор ассоциациясынын мүчөсү, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Зуфар Хакимходжаев Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

Тестостерон — эркектеги гормондордун падышасы

Бул гормондун эркектин жашоосунда мааниси чоң. Тестостерону жетиштүү эркектин энергиясы ашып-ташып, кандай иш баштабасын майын чыгара жасайт. Мисалы, бизнесте, спортто, үй-бүлөлүк турмушта… Тестостерондун жардамы менен эркекке сакал-мурут өсөт, булчуң эт толот, кандын курамы жакшырат. Эң негизгиси — эркектин бел суусунун иштелип чыгышына, тагыраагы, тукум улоосуна шарт түзүлөт.

Тестостерон тартыш болсо эмне болот?

Гормондун тартыштыгы ден соолукка бир топ залакасын тийгизет. Мисалы, сөөктөр морт болуп, акырындык менен бой кыскара баштайт. Ошондой эле кандын жүгүрүүсү начарлап, мунун айынан чач түшөт, атеросклероз пайда болот.

Баса, акыркы жылдары эркектердин арасында жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгондордун саны өсүп бара жатат. Буга тестостерондун азайып кетип, ашыкча салмактын пайда болушу себеп.

Андыктан ашыкча салмак же кан басымынын туруксуздугу менен жабыркагандар кайрылганда кайсы адистиктеги дарыгер болбосун, тестостерондун деңгээлин текшерип койгону туура.

Гормон эмне себептен азаят?

Мунун бир нече себеби бар. Мисалы, бала кезинде сакоо ("свинка", май чукурдун сезгенип шишиши — ред), кызамык сыяктуу же тукум кууган илдеттер менен жабыркаган эркектердин тестостерону төмөн болушу мүмкүн. Булардын улан кезинен эле булчуңдары, жыныс органдары жакшы өрчүбөй калат.

Эркектик гормондун организмде эң көп болгон учуру 25-35 жаштын ортосу. Жаш өткөн сайын ал акырындык менен азаят. Бул учурда эркек терчил, алсыз болуп, жүрөктүн согуусу ылдамдап калат.

Тестостерондун "төшөктөгү" орду

Тестостерондун деңгээли жайында болсо, эркек өзүнө жагымдуу аялды көргөндө төшөк тууралуу ойлонот. Сексуалдык жактан дени-карды соо эркектер үч күн ичинде жок дегенде бир жолу дүүлүгүшү керек. Эркек дене кумарына батууга мүмкүнчүлүк жок кезде (мисалы, аскерде жүргөн учурда дейли) дүүлүгүүдөн коркпой эле койсо болот. Анткени жыныстык мүчө чыңалган кезде ага кан жүгүрүп, органдын өзүнө кычкылтек жеткирет. Тескерисинче, дүүлүгүү аз болгон сайын жыныстык органдын ткандары начарлап, төшөк кумарынын сапаты төмөндөй баштайт.

Өзүн-өзү дарылоонун зыяны көп

Эркек "алсыроонун" алгачкы белгилери пайда болгондо эле уролог-андрологго кайрылуусу керек. Анткени өз алдынча дарылануунун пайдасынан зыяны көп. Мисалы, акыркы учурларда спорт менен алектенип, чымыр денелүү болгусу келген жаш жигиттер бирөөлөрдөн угуп алып, тестостерон гормонун укол түрүндө алып жүрүшөт. Кайдан-жайдан гормон пайда болуп жатканын түшүнбөгөн организм өзү аны иштеп чыгарбай калат. Ал эми өзүнөн гормон бөлүнүп чыкпаган организм импотенция, тукумсуздук сыяктуу ооруларга кептелет.

Баса, Зуфар Хакимходжаев буга чейин эркекти бүк түшүргөн импотенция да тууралуу айтып берген. Адистин пикирине таянсак, аны дарылоонун эки жолу бар.

sputnik