Сексолог төшөк мамилесин арттырууга жардамчы болгон азыктарды санап берди

7 августа 2020 Сексолог төшөк мамилесин арттырууга жардамчы болгон азыктарды санап берди

Жыныстык каалоону медициналык каражаттарсыз эле күчөтүүгө жардам бере турчу азыктар тизмектелди. Бул тууралуу "Известия" басылмасы сексолог Алия Королевага шилтеме берип жазды.

Анын айтымында, сунушталган азыктарды байма-бай жегенде гана жыйынтыгын бере алат.

"Үлүл (моллюска) менен тооктун жумурткасы төшөк мамилесине көбүрөөк умтулууга көмөк көрсөтөт. Себеби алар цинк затына бай. Ал  тестостерондун иштеп чыгышын шарттайт. Өз кезегинде тестостерон эркектеги эң маанилүү гормон", — деген адис.

Ушундай эле касиетке жаңгак, кокос жана зайтун майы ээ экендиги белгиленет. Мындан сырткары, тамакка ачуу калемпир менен ушул өңдүү татымалдарды кошуп жесе сексуалдык каалоо жакшырат.

"Булар организмде канды жакшы айлантып, тиешелүү жерлерге кандын толук барышын камсыздайт", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми аялдын сексуалдык жашоосуна женьшень оң таасирин тийгизерин  адис кошумчалады.

sputnik