Деңизге түшүп кеткен бала тасмада көргөн кеңештерди аткарып аман калды

6 августа 2020 Деңизге түшүп кеткен бала тасмада көргөн кеңештерди аткарып аман калды

Улуу Британияда деңизге түшүп кеткен 10 жаштагы бала даректүү тасмада айтылган кеңештерди аткарып тирүү калды. Ал куткаруучулар келгенге чейин чөгүп кетпестен суу үстүндө калкып турганын Daily Mail басылмасы жазды.

Окуя Англиянын Норт-Йоркшир графтыгында катталган. Равираджа Саини аттуу бала деңизге түшүп кетип, ата-энеси куткаруучуларды чакырган. Алар бир саат бою жээктен баланы издешкен. Бул убакта толкун баланы карама-каршы булуңга агызып кеткен.

Саини куткарылгандан кийин тирүү калуу үчүн "Деңизде өмүрдү сактап калуу" даректүү тасмасында көрсөтүлгөн нускамаларды жасагандыгын айтып берген. Сууда чалкасынан жатып, буту-колун жазып, жардамга чакырган.

Куткаруучулар баланын мындай кырдаалдагы сабырдуулугуна баа беришкен. Эгер бала деңиздеги куткаруу аракеттери боюнча кеңештерди аткарбаганда, окуя кайгылуу аяктамак деп айтышкан.

Куткаруу тобу баланы жээкке алып чыгып, ата-энесине беришкен.

sputnik