Эң кооптуу делген кесиптер аталды. Быйыл рейтинг өзгөрдү

6 августа 2020 Эң кооптуу делген кесиптер аталды. Быйыл рейтинг өзгөрдү

Быйылкы жылы кооптуу кесиптер рейтингинде дарыгерлер көч башына келди. Өмүр сакчылары бул сапар шахтачылардан, өрт өчүрүүчүлөрдөн жана аскер кызматкерлеринен озуп, алдыга чыкканын РИА Новости жарыялаган.

Иликтөө 30-июлдан 3-августка чейинки аралыкта эл жашаган 296 аймактагы россиялыктарга жүргүзүлгөн ачык сурамжылоодогу маалыматтарга негизделген.

"Өткөн жылдагы иликтөөлөргө салыштырмалуу кооптуу кесиптердин рейтингинде дарыгерлер биринчи жолу алдыга чыкты: буга чейин алардын жумушу эң кооптуу экенин 2-3 пайыз гана россиялык белгилешкен. Бүгүнкү күндө дарыгерлердин жумушу эң коркунучтуу экенинин ар бир бешинчи киши айтууда", - деп айтылган иликтөөдө.

Россиялыктардын 20 пайызы дарыгердин жумушу азыркы учурда эң кооптуу кесип деп эсептеген. Шахтачылардын ишинде тобокелдик көп дегендер 10 пайыз болгон. 8 пайыз респонденттердин пикири боюнча, кооптуу жумушту өрт өчүрүүчүлөр жасашат. Аскер кызматкерлеринин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларынын ишмердүүлүгү кооптуу дегендер 6 пайызды түзгөн.

Мындан сырткары, 4 пайыз добушка айдоочу, күч органынын кызматкери жана саясий ишмер кесиптери ээ болушту. Учкучтун жумушу эң коркунучтуу деген респонденттер 2 пайызга жетсе, журналист, мугалим жана сапер деген кесиптерге 1 пайыздан добуш тийген.

Сурамжылоого катышкандар дарыгерлик кесиптин ээлеринин ишин эрдикке тете экендигин кошумчалашкан.

sputnik