Естебесова: койдун майын сыйпоону физиотерапиялык дарылоо десек болот

5 августа 2020 Естебесова: койдун майын сыйпоону физиотерапиялык дарылоо десек болот

Жогорку категориядагы өпкө дарыгери Бермет Естебесова коронавируска чалдыккан учурда койдун майын же башка майларды сыйпоо же ичүү тууралуу медициналык көз карашын билдирди.

Койдун майын же башка майларды сыйпоо физиотерапиялык натыйжа берет десек болот. Бул тууралуу Бермет Естебесова  билдирди.

Анын айтымында, койдун, кашкулактын же башка жаныбарлардын майын дарылануу үчүн колдонсо болот, бирок айрым маанилүү делген эрежелерди сактоо керек.

"Илгертен эле апаларыбыз жөтөлүп калса көкүрөгүнө, далысына койдун майын сыйпаган. Бул ошол сыйпалган жерди жылуу кармап физиотерапиялык натыйжа берет десек болот. Эгерде жабыркаган органга суук өтүп ооруп жатса гана мындай ыкма пайдалуу. Кеселдеген  органды сыртынан ысытып, кан айланууну жакшыртып турат. Негизи эле койдун майынан башка да элдик медицинада колдонулуп келген майлар ушундай иш аткарат. Бирок аларды сүткө кошуп же башка бир суюктуктарга кошуп ичүү кооптуу. Биринчиден, ооруп турган адамдын бооруна күч келтирет. Мунун кесепети кийин жаман аякташы да ыктымал", — деди Естебесова.

Дарыгер адамда холецистит, панкреатит, гепатит болсо мындай ыкма менен дарыланбай эле койгону туура болорун кошумчалады.

sputnik