Дарыгер салмак коштурчу суусундуктарды тизмектеп берди

5 августа 2020 Дарыгер салмак коштурчу суусундуктарды тизмектеп берди

Россиянын дарыгер-эндокринологу Екатерина Иванникова адамдын салмак кошуусуна таасир бере турчу суусундуктарды санап келип, алардын ордуна эмне ичиш керектигин айтып берди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Анын билдиришинче, таттуу шире, квас жана газдалган суулардын курамында глюкоза көп болгондуктан зат алмашууну жайлатат. Буларды байма-бай иче берсе уйку безине күч келип, ашыкча майлардын болушун шарттайт.

"Ошондой эле көпчүлүк чай менен кофени кумшекерсиз иче албайт. Ага кошуп таттуу бир нерсени жегенди жакшы көрүшөт. Бул бир гана семиртпестен бир топ ооруга шыкакчы болот", — деп айтылат маалыматта.

Дарыгер организмди тазалап туруу үчүн кээде сууга бадыраң, жалбыз жана лимонду кошуп суусундук ичип турса болорун айтат. Дагы бир вариант катары ушул үч азыкка имбирдин тамырын кошуп, Сасси лимонадын жасап ичүүнү сунуштаган.

Мындан сыртары, ысыкта томат ширеси дагы пайдалуу экендиги белгиленет. Ал аптапта канды коюулантпай, суюлтканга жардам берет.

sputnik