Дарбыз сатып алууда эмнелерди эске алуу зарыл? Адистин кеңеши

4 августа 2020 Дарбыз сатып алууда эмнелерди эске алуу зарыл? Адистин кеңеши

Дарбызды чертип тандоодо андан катуу же акырын эмес, орточо дабыш чыгышы керек. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Адистердин айтымында, базар же дүкөндөн толук бышкан даамдуу дарбыз алууда анын сөңгөгүнө анча маани бербөө керек. Анын ордуна өсүмдүктү чертип угуп же алдындагы ак тагына көңүл буруу зарыл.

"Дарбыздын сырткы көрүнүшү бүтүн, таза жана жаңы болушу керек. Черткенде катуу же акырын эмес, орточо дабыш чыкса жакшы. Ал эми сөңгөгүнүн куурап калганы, өсүмдүктүн толук жетилгенинен кабар бербейт. Себеби дарбыз алыс жерден алып келингендиктен, базарга жеткенче анын сөңгөгү кургап калышы мүмкүн", — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле дарбыздын жерде жаткан тарабы ачык сары түстө болушу абзел. Ал канчалык ачык болсо, ошончолук жакшы бышканынан кабар берет.

Андан сырткары, диетологдор бир күндө 1,5 килограммдан ашык дарбыз жебөөнү сунуштайт. Эгер адам күн сайын андан көп жесе, дарбыздан чыккан суюктук организмдеги пайдалуу заттарды жууп кете тургандыгын белгилешет.

sputnik